Казакстанда өлүм жазасы жокко чыгарылат   

  • 2 года мурун

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлүм жазасын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбооруна сунушталган өзгөртүүлөргө кол койду.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Казакстандын кылмыш кодексинин 17 беренесинен жазанын бул түрү тууралуу билдирүүлөр алынып салынат. Өлкөдө өлүм жазасы террорчулукка баргандар, президенттин жана тунгуч мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевдин өмүрүнө кол салууга аракеттенгендер жана согуш маалында өзгөчө оор кылмыштарга баргандар үчүн каралган.

Анткен менен 2003-жылдан тартып өлүм жазасына мораторий киргизилген. Соттор өлүм жазасына өкүм кылганы менен, ал мораторий алынгандан кийин гана ишке ашмак. Акыркы жолу мындай жазага 2016-жылы Руслан Кулекбаев аттуу жаран өкүм кылынган. Ал Алматыда теракт уюштурууга айыпталган. Калаа борборундагы атышууда он киши көз жумган.

Быйыл январдын башында Токаев тынч маалда өлүм жазасын колдонууга тыюу салган эл аралык келишимге кол койгон Муну менен өлкө жарандык жана саясий укук жөнүндөгү эл аралык пакттын экинчи факультативдик протоколуна кошулган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты