Казакстанда кызылча дартын жуктургандар кескин көбөйдү

  • 6 месяцев мурун

Быйыл февралдан бери Казакстанда 10 миңге чукул адам кызылча дартын (краснуха) жуктуруп алды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, күздөн тарта бейтаптардын саны кескин көбөйүп кетти.

Айрым аймактарда инфекциялык ооруканалар толуп калды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.

Өзгөчө Алматы, Чымкент жана Атырау шаарларында аталган жугуштуу оору менен жабыркагандар көп катталууда. Октябрда Чымкентте оорунун 12 очогу аныкталды. Дарыгерлер күн сайын кызылча менен 70-80дей бейтапка кайрылып жатканын айтышууда. Азыр 210 орунга эсептелген шаардык инфекциялык ооруканада 196 адам дарыланууда. Оору жуктургандардын 80 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Алардын көбү кызылчага каршы вакцина алган эмес.

Казакстандын батышындагы Актөбө шаарында да кырдаал оор. Жергиликтүү дарыгерлердин айтымында, Актөбөдө кызылча оорусу февраль айында эле башталган. Эпидемиологиялык абал октябрдын ортосунда начарлап кетти. Дарыгерлердин айтымында, инфекцияны Түркияга ата-энеси менен барган алты жашар кыз алып келген. Актөбө облусунда тогуз айдын ичинде бул оору миң адамда аныкталган.

Актөбө шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасы 135 орунга ылайыкталган, эски имарат бардык бейтаптарды кабыл ала албайт. 17-октябрда саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен облус борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Чагала санаторийинде 80 орундуу бөлүм ачылды.

Казакстандын саламаттык сактоо министрлиги ноябрдын ортосунан тарта ооруну жуктургандар азая баштайт деп болжолдоодо. Өлкөдө кызылча боюнча ушундай кырдаал 2018-жылы жаралган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты