ТИМ: Казакстанда Кыргызстандын беш жараны кармалды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 10-январга карата Казакстанда беш кыргыз жараны кармалганын кабарлады.

ТИМден билдиришкендей, учурда кармалгандар боюнча эки тараптуу тиешелүү иштер аткарылып жатат.

Мындан тышкары ТИМ Казакстандагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, Нур-Султан, Алматы, Бишкек шаарындагы ыкчам жардам берүүчү топторго 2-январдан бери миңдей кыргызстандык жардам сурап кайрылган.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Нур-Султан, Актөбө, Актау, Кустанай, Көкчетау, Петропавл, Павлодар, Караганда шаарларындагы кыргызстандыктар менен байланышып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты