Казакстанда «Камызякинин» концерти өтпөй турган болду

  • 8 месяцев мурун

Казакстанда курамына орусиялык куудулдар Азамат Мусагалиев менен Денис Дорохов кирген «Камызяки» тобунун Алматы менен Астанадагы концерттери токтотулду.  

Уюштуруучулардын айтымында, буга «Камызяки» тобунун Орусия аннексиялап алган Украинанын Донецк облусунда концерт койгону жана муну казак коомчулугу терс кабыл алганы себеп болду.

Этностук казак Азамат Мусагалиев иш-чарада орусиялык аскерлерди жана согушту колдогон маанидеги ырды аткарган.

Жергиликтүү операторлор бул шоу үчүн билет сатууну токтотушту.

5-октябрда Алматыда “Камызяки” куудулдар тобунун Казакстанга гастролу башталмак. 7-8-октябрда Астанада да концерттер пландалган.

Буга чейин коомдун талабы менен Казакстанда согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине тыюу салынган. Мындан тышкары согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.

Сүрөттө: Азамат Мусагалиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты