Казакстанда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө
- 2 месяца мурун
Чымкент шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны бүгүн, 27-мартта улантылууда. Анда ондон ашуун маселе каралып жатат.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын чакан курамдагы жыйынында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүнө багытталган бир катар маселелер каралды.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин чакан курамдагы жыйынына ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары: Беларус премьер-министри Александр Турчин, Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Армения вице-премьер-министри Мгер Григорян, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Сүрөт: gov.kg




