Казакстанда эмгек миграциясында зомбулукка кабылып, келе албай жаткан кыздар өлкөгө кайтарылды
- 1 месяц мурун
Октябрь айынын башында акыйкатчыга Ош облусунун Кара-Суу районунун С.М. аттуу тургуну эки кызы Казакстанга иштөөгө кетип, келе албай жатканын билдирип, укуктук жардам сурап кайрылган.
С.М.нын айтымында, 2024-жылдын март айында К.К. аттуу аял 16 жана 18 жаштагы кыздарын Чымкент шаарына жумушка алып кеткен. Бирок кыздар баргандан кийин зомбулукка кабылып, күнү-түнү иштеп жатканын айтып даттанышкан.
“Бир тууган эже-сиңдилер кыздарымды эртеден кечке базарда, кайра түн бир оокумга чейин оор мүшөктөрдү кампага ташытып, кулдай эле жумшашкан. Кетебиз десе күч колдонушуптур. Мен байланышып, кыздарымды жөнөт десем, 3 жыл иштеп, анан кетет, ага чейин чалып башымды оорутпа деп койду” дейт аял.
Апасы жумуш берүүчү кыздардын документтерин тартып алганын кошумчалады.
“Документтери жок качып кете албай жүрүштү. Кыздарым акыры “алып кетпесеңиз биз 3-кабаттан секирип өлөбүз” дегенге чейин барышты” дейт аял.
Акыйкатчы Тышкы иштер министрлигине жана Ички иштер министрлигине кат жолдогон.
Кыргызстандын Алматадагы башкы консулдугу жана кыргыз диаспорасынын жардамы менен кыздар Чымкент шаарында иштеп жүргөн жеринен табылган. Алар коңшу өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузгандыктан, Кордойдо соту өткөндөн кийин 13-октябрда Мекенине жеткирилип, апасынын колуна келди.
Балдар жөнүндө кодекси (15-берене, 2-пункт) жашы жете электерди эмгекке тартууга, мажбурлап иштетүүгө жана белгиленген нормадан ашык жүктү көтөрүүсүнө тыюу салынат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




