Казакстанда «чет элдик агенттердин» тизмеси жарыяланды

  • 8 месяцев мурун

Казакстандын каржы министрлиги биринчи жолу “Казакстандагы чет элдик агенттердин” тизмесин жарыялады, ага 240 жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде укук коргоочулар, журналисттер жана чет элдик компаниялардын өкүлчүлүктөрү кирди.

Документ мамлекеттик кирешелер комитетинин сайтында жайгаштырылды.

“Чет элдик агенттердин” тизмесине киргендердин арасында: Адам укуктары боюнча Казакстандын эл аралык бюросу, Erkindik Qanaty фонду, Казакстандын жаштар маалымат кызматы, Masa.Media басылмасы, MediaNet эл аралык журналистика борбору, Эл аралык укуктук демилге, “Ар.Рух.Хак” укук коргоо фонду, “Адил сөз” сөз эркиндигин коргоо эл аралык фонду, Казакстан профсоюздар федерациясы бар.

“Чет элдик агенттердин” тизмесине журналист Айнур Коскина, Мажилистин депутаттыгына экс-талапкер Динара Эгеубаева, ошондой эле журналист, «За нами уже выехали» YouTube каналынын автору Дмитрий Дубовицкий да киргизилди.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты