Казакстанда белгилүү журналист Лукпан Ахмедьяров кармалды

  • 1 год мурун

Казакстандын Уральск шаарында белгилүү журналист Лукпан Ахмедьяров кармалды.

Бул тууралуу казакстандык журналист Рауль Упоров билдирди.

Лукпан Ахмедьяров социалдык баракчасынын түз эфиринде өзүн кантип кармап жатышканын чагылдырууга аракет жасаган. Журналист түз эфирге өзүнүн машинасынын рулунда отуруп чыккан жана аны кармаганы жатканын айткан.

“Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети мени токтотту. Мени кармаганы жатышат. Бирок эмне үчүн экенин билбейм. Мына ушул ишмерлер мени кармаганы жатат. Кыскасын айтканда, “захват”. Мен Шолохов көчөсүндөмүн. Эртең менентен бери мени аңдып жүрөшөт” деди журналист Ахмедьяров.  

  

Лукпан Ахмедьяровдун адвокаты Мереке Габдуалиев журналистти тынч жыйын өткөрүү тартибин бузгандыгы үчүн кармаганын журналисттерге билдирди.

Буга чейин Казакстанда 6-10-январда тынч жыйын өткөрүү тартибин бузгандыгы үчүн 714 киши кармалган, алардын 38и административдик жаза тарткан. Ал учурда Лукпан Ахмедьяровду кармап, эскертүү менен кайра кое беришкен.    

Сүрөт: Лукпан Ахмедьяровдун ФБ баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты