Казакстанда бүгүн улуттук аза күтүү күнү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-январь Казакстанда улуттук аза күтүү күнү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бир канча аймагында орун алган башаламандыкта каза тапкандарга байланыштуу 10-январды жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган. Буга байланыштуу бүгүн өлкө боюнча мамлекеттик туулар түшүрүлөт.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана «куралчан» 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

Расмий маалымат боюнча, жалпысынан алты миңге чукул адам кармалды. Президент жана бийликчил маалымат каражаттары Казакстандагы башаламандыктарды «чет жерде даярдыктан өткөн террорчулар» уюштурганын билдирип жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты