Казакстанда активист «Талибанды» террордук уюм тизмесинен чыгарууга каршы даттанды

  • 2 месяца мурун

Алматылык юрист Алнур Ильяшев 6-июнда “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечимин жокко чыгаруу талабы менен  Жогорку Сотко кайрылганын билдирди.

Ильяшевдин айтымында, арызды Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы карашы керек. Бирок сот анын арызын кароодон баш тартышы мүмкүн экенин белгилейт.

Юрист Казакстандын тышкы иштер министрлиги ага “Талибан” кыймылы чындыгында Ооганстандын өкмөтүн башкарат жана бул өлкө менен “Талибан” кыймылынын катышуусуз кызматташуу дээрлик мүмкүн эмес деп жооп бергенин билдирди.

Юристтин айтымында, Казакстандын башкы прокурору “Талибан” кыймылын Казакстанда тыюу салынган террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган. Ильяшев билдиргендей, 2023-жылдын 20-декабрында сот Башкы прокурордун бул арызын канааттандырган.

3-июнда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ооганстандын талибдер көзөмөлдөп турган өкмөтү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн «Талибан» кыймылы өлкөнүн террордук уюмдар тизмесинен чыгарылганын кабарлаган.

Ооганстанды 1996-2001-жыдары башкарган «Талибан» бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.

Дүйнөнүн бир дагы өлкөсү талибдердин өкмөтүн расмий тааный элек. Ооганстандын Батыштагы банк резервдери камакта турат, талибдердин айрым лидерлерине АКШ издөө жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты