Казакстанда абактагыларды кыйноого алууга айыпталган кызматкерлердин соту башталды

  • 2 месяца мурун

Астананын кылмыш иштери боюнча райондор аралык сотунда Жезказган шаарындагы түрмөдө отурган адамдардын кыйноого алынышы боюнча иш карала баштады.

Отурумдун жүрүшүндө прокурорлор айыптоо актысын окуп беришти. Ага ылайык, бул иште Жаза аткаруу кызматынын Караганда жана Улытау облустарындагы бөлүмдөрүнүн, ошондой эле Улуттук гвардиянын аймактагы №6505 бөлүгүнүн 11 кызматкери айыпталуучу катары өтүүдө. Аларга Улытау облусунун Жезказган шаарындагы түрмөдө отурган адамдарга «катаал мамиле жасап, кыйноого алуу менен ден-соолуктарына оор зыян келтирүү» айыбы тагылган.

Мамлекеттик айыптоонун маалыматына караганда, айрым айыпталуучулар камактагыларды эс-учун жоготуп койгонго чейин сабашкан. Мындан тышкары айыптоо актысында камактагыларды кемсинтүү жана зордуктоо учурлары да болгону белгиленген.

Сотто жабырлануучулардын бири күбө катары полиция кызматкерлерин да суракка алууну жана абактагы көзөмөл камераларга тартылган видеолорду алып келүүнү өтүндү.

Быйыл апрелдин аягында Казакстандын Башкы прокуратурасы Жезказгандагы абак жайынын кызматкерлерине козголгон кылмыш иши боюнча сотко чейинки тергөө иштери аяктаганын билдирген. 

Мекемеден жаза-аткаруу мекемесинин жети кызматкери жана Улуттук гвардия бөлүмүнүн төрт кызматкери «жазасын өтөп жаткан 11 соттолуучуга карата коркутуп-үркүтүү жана зомбулук көрсөтүү жолу менен кыйноо көрсөтүшкөнүн» белгилешкен. Анда кызматкерлер жасаган иштерин укук коргоо органдарынан жашырып, соттолгондор баш ийбегенин, ошондуктан аларга катаал мамиле жасалганын айтып беришкени кабарланган.

Эл аралык уюмдар менен казак укук коргоочулары Астананы абактардын жана тергөө жайларынын абалына көңүл бурууга чакырып келишет. Алардын айтымында, өлкөдө кыйноо фактылары көбүнчө сотко жетпей эле жабылып калат. Казак бийлиги кыйноо көйгөйү бар экенин жарым-жартылай моюнга алып, аны жоюу боюнча жигердүү аракеттерди көрүп жатканын билдирүүдө.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, «Кыйноого алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган жарандар төрт жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты