Казакстан кумшекер экспортуна алты айга тыюу салды

  • 2 года мурун

Казакстан 23-майдан тартып жарым жылга чейин өлкөдөн ак жана камыш кантын алып чыгууга тыюу салат.

Тиешелүү буйрукка өлкөнүн айыл чарба министри Ербол Карашукеев кол койду. Документ 12-майда нормативдик-укуктук актылар сайтына жарыяланды.

Айыл чарба министрлигине белгиленген тартипте Евразия экономикалык комиссияга киргизилген чаралар жөнүндө маалымат берүү тапшырылды. Буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Өткөн аптада Казакстандын алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр ассоциациясы кумшекер жетишсиздигине байланыштуу соода жана интеграция министрлигине, айыл чарба министрлигине, «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасына кайрылган.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, көйгөй мартта Орусия өкмөтү айрым азык түлүктөрдүн экспортуна тыюу салгандан кийин пайда болгон.

Казакстандан кумшекер алып чыгууга тыюу салуу сунушу марттын аягында эле жаңырган. Анда казак өкмөтү абал көзөмөлдө экенин маалымдаган.

Казакстандын соода жана интеграция министрлиги өлкөдө кумшекердин камдыгы үч айга жетерин билдирген. Августтун аягында 250 миң тоннадай шекер бажы төлөмдөрүсүз киргизилиши ыктымал экени кабарланган. Казакстанда пайдаланылган кумшекердин 60% четтен келет.

2021-жылы Казакстанга 506,9 миллион тонна кумшекер жана чийки зат алынып келинген. Алардын жарымы — 275,8 миллион тонна Орусиядан ташылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты