Казакстан: Костанай облусунда Украинадагы согушка азгыруу учурлары катталды

  • 10 месяцев мурун

Казакстандын Костанай облусунун прокуратурасы Орусиянын Украинага каршы согушуна жергиликтүү калкты тартуу аракеттери катталганын билдирди.

29-июнда жарыяланган билдирүүдө социалдык тармактарда Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу акыркы убакта жарыялар, видеолор, билдирүүлөр, комментарийлер активдүү жарыяланганы айтылат.

«Алардын айрымдары Казакстандын жарандарын жаңжалга катышууга үндөгөн чакырыктар, чагымчыл билдирүүлөр жана улуттар аралык кастыкты козутуучу, эки тараптын жарандарынын улуттук ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтар менен коштолгон»деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратуранын маалыматы боюнча социалдык тармактардын айрым колдонуучуларынын, анын ичинде Казакстандын жарандарынын комментарийлеринде «өлкө аймагынын бүтүндүгүнө доо кетирген сепаратисттик чакырыктар» бар.

Облус аймагында Украинадагы куралдуу кагылышууга катышуу үчүн жергиликтүү калкты Орусия аймагына тартуу аракеттери катталган. Прокуратура мындай аракеттерге улуттук мыйзамдар жана эл аралык укуктук документтер менен тыюу салынганын белгилейт.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты