Казакстан космоско алгачкы ракетасын учурат
- 4 недели мурун
Казакстан 2025-жылы космоско алгачкы ракетасын учурууну пландоодо. Бул тууралуу 24.kg Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри Жаслан Мадиевге шилтеме жасап, жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, «Байтерек» космостук ракеталык комплексинин долбоорунун алкагында «Союз-5» ракетасын учуруу 2025-жылга пландалууда. Жаслан Мадиев бул долбоор Казакстандын космоско көз карандысыз чыгуусу үчүн ишке ашырыларын айткан. Ошондой эле жерди изилдөө үчүн үч спутникти жасоо үчүн келишимдерге кол коюлганын жана KazSat деп атала турган байланыш спутнигин жасоо башталганын билдирген.
«Спутниктик байланыш жана телеберүү тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн «KazSat-3» спутнигин алмаштыруу 2029-жылга пландаштырылган. Учурда долбоорго чейинки иштер жүрүп жатат, 2025-жылы жаңы спутник түзүү боюнча келишимге кол коюуну пландап жатабыз»,- деген ал.
Ошондой эле министр 2025-жылы учурула турган Союз-5» ракетасынын коммерциялык учуруулары сыноолордон кийин 2028-жылы башталарын айткан. «Ракета үчүн материалдарды жана тетиктерди иштеп чыгуу иштери жүрүп жатат жана катуу ракета отунунун прототиби түзүлгөн»,- деп кошумчалаган ал.
Сүрөт: интернет булактары