Казакстан Кара деңиздеги мунай танкерлерин көбөйтөт

  • 8 месяцев мурун

Казакстандын “Казмунайгаз” мамлекеттик ишканасынын түзүмдөрүнүн бири Орусияны айланып өтүп, деңиз аркылуу мунай ташуу үчүн танкерлерди сатып ала баштады. Бул тууралуу Bloomberg жазды.

Азыр Казакстан Евробиримдик менен Кытайга мунайдын 80% Орусия аркылуу өткөн куур менен жеткирет.

Каспий деңизи аркылуу жүк жеткирүү үчүн Казакстан 80 миң тонналык эки танкер сатып алган. Кара деңиз аркылуу мунай ташуу үчүн эми дагы ушундай эки танкер сатып алуу пландалып жатканын Казакстандын энергетика министринин орун басары Ерлан Аккенженов Bloomberg агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Казакстан Орусиядан көз карандылыкты азайтуу үчүн жылдын аягына чейин Каспий аркылуу жүк ташууну беш эсеге көбөйтүүгө ниеттенүүдө.

Мурдараак Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Германияга мунай жеткирүүнүн көлөмүн жылына 200 миң тоннадан 1,2 миллион тоннага чейин көбөйтүүнү сунуштаган. Казак мунайы Германияга Орусиянын “Дружба” мунай кууру аркылуу барат. “Сибирь.Реалии” кабарлагандай, мунай жеткирүүнү көбөйтүү үчүн Орусиянын Энергетика министрлигинен уруксат керек, ал азырынча оозеки түрдө гана алынган.

Казакстан жалпысынан 2023-жылы Европа Биримдигине мунай жеткирүүнү көбөйттү. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, Казакстан биринчи чейректе 71% мунай экспорттогон, былтыр бул көрсөткүч 65% деңгээлинде болгон.

Сүрөттө: Владимир Путин жана Касым-Жомарт Токаев. TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты