Казакстан ХАМАСтын Израилге кол салуусун айыптады

  • 6 месяцев мурун

Казакстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ХАМАС радикал тобунун Израилдин карапайым тургундарына жасаган кол салуусун жана аларды барымтага алуусун айыптап, Израилди Газа тилкесинде жайкын адамдардын өлүмүнө алып келген пропорционалдуу эмес күч колдонуудан карманууга чакырды.

Мекеменин мындай билдирүүсү 17-октябрда жарыяланды.

«Казакстан ХАМАСтын Израилдин карапайым тургундарына кол салуусун жана израилдиктерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү барымтага алуусун айыптайт. Аларды тез арада бошотуу жана эч кандай тоскоолдуксуз гуманитардык жардамга жетишин камсыз кылуу зарылдыгы тууралуу БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин чакырыгын колдойт» деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Астана тараптарды аскердик аракеттерди токтотуп, тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн аракеттерди көрүүгө чакырган.

Мекеменин пресс-релизинде ошондой эле өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекте өткөн КМШ мамлекет башчыларынын саммитинде айткан сөздөрү да келтирилген:

«Бул кырдаалда эл аралык укук нормаларын, палестин элинин мыйзамдуу укуктары каралган БУУнун Коопсуздук кеңешинин тиешелүү резолюцияларын сактоо абдан маанилүү. Зомбулуктан зомбулук жаралат жана Жакынкы Чыгыш менен бүтүн дүйнө үчүн кейиштүү кесепеттерге алып келиши мүмкүн».

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1 400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адамдар жараат алды. Бул топ 130дан ашык адамды барымтага алган.

Ошондон бери Израил армиясы-ЦАХАЛ-Газа тилкесине тынбай абадан сокку уруп жатат. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккулардан каза болгондордун саны 2 800гө, жарадарлардын саны 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты