Казакстан Бучадагы казак боз үйү боюнча Орусиянын билдирүүсүнө расмий жооп бербейт

  • 2 года мурун
Казакстан Бучадагы казак боз үйү боюнча Орусиянын билдирүүсүнө расмий жооп бербейт

Казакстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинанын Буча шаарына тигилген казак боз үйүнө тиешеси жок экенин билдирди.

«Буга Казакстан элчилигинин эч кандай тиешеси жок, ал — казакстандык жеке компаниялардын демилгеси. Биз аларга тыюу сала албайбыз. Алар өздөрү жеткирип, өздөрү тигип, жардам берип жатышат. Биз боз үйдү тигүүдөн эч кандай маселе көрбөй турабыз. Боз үй – көчмөндөрдүн салттуу турак жайы, ал экологиялык жактан таза, тез орнотулат. Бул — украин элине жардам берүү боюнча ишкерлердин жеке демилгеси. Бул боюнча атайын өзүнчө комментарий берүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейбиз. Биз ушундай боз үйүбүз бар экенине сыймыктанабыз» деди ТИМдин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Ал Казакстанда 300 миңге жакын украин улутундагы жаран жашай турганын, Украинада да казак диаспорасы бар экенин кошумчалады.

«Албетте азыр Украинада кырдаал оор, бул маалыматты башкача чечмелешкен болушу мүмкүн. Бирок биз боз үй тигүүдөн эч кандай маселе көргөн жокпуз. Бул — биздин элдин демилгеси. Орусиянын Тышкы иштер министрлигине расмий жооп болбойт» деди Смадияров.

Күн мурун Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Казакстанды Украинанын Буча шаарындагы казак боз үйү боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырган. Анын айтымында, Казакстандын расмий өкүлдөрү ал боз үйгө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Бирок Захарова расмий Астана «Орусия-Казакстан альянсына зыян келтирбеш үчүн» түшүндүрмө берсе жакшы болорун айткан.

Орусиянын ракеталык аткылоосунан Украинанын электр энергия тармагы кризиске кабылып, бийлик жарандар жылынып, жылуу тамак ичип жана уюлдук телефондорун кубаттап алуусу үчүн атайын пункттарды ачууда. Алар бүгүнкү күндө өлкөнүн бир катар аймактарында иштеп жатат. Бирок мындай пункт боз үй тибинде биринчи жолу ачылды.

Орусиянын союздашы эсептелген Казакстан коңшусунун Украинага кол салуусун айыптаган эмес, бирок Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын айткан. Ошол эле маалда Астана Украинанын аннексияланган аймактарын Орусиянын бөлүгү деп тааныган эмес. Казак өкмөтү ыктыярчылар менен катар эле Украинага бир нече жолу гуманитардык жүктөрдү жөнөткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты