Казакстан 2024-жылы мартта бирдиктүү саат алкагына өтүүгө даярданууда

  • 5 месяцев мурун

Казакстан 2024-жылдын мартында бирдиктүү саат алкагына өтүүгө даярданып жатат. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документте Казакстандын бардык аймагында UTC+5 саат алкагын колдонуу сунушталган. Ага ылайык, 2024-жылдын 1-мартына оогон түнү Астана, Алматы, Чымкент шаарларында жана UTC+6 саат алкагы колдонулган башка аймактарда убакыт бир саатка артка жылдырылат.

«Бүгүнкү күндө Казакстандын жарандарынын басымдуу бөлүгү (Костанай, Акмоло, Түндүк Казакстан, Караганды, Павлодар, Алматы, Түркстан, Жамбыл, Улытау, Жетысу, Абай облустары, Астана, Алматы жана Чымкент шаарлары) географиялык убактысынан бир саат алдыда, UTC+6 алкагында жашап келишет. Калктын саламаттыгы, экономика жана адамдын коопсуздугу үчүн болушунча табигый убактысына жакын саат алкагы пайдаланылышы зарыл», – деп жазылган токтом долбоорунда.

Документ 22-декабрга чейин коомдук талкууда болот.

Бүгүнкү күндө Казакстанда эки саат алкагы (UTC+5, UTC+6) колдонулат. Атырау, Батыш Казакстан, Маңгыстау, Актөбө, жана Кызылордо облустары UTC+5 алкагында, Астана, Алматы, Чымкент шаарлары жана өлкөнүн калган облустары (Костанай, Түндүк Казакстан, Акмоло, Караганды, Улытау, Түркстан, Жамбыл, Павлодар, Чыгыш Казакстан, Абай, Жетысу, Алматы) UTC+6 алкагында жашайт. Эксперттер факты жүзүндө Казакстан төрт саат алкагында (UTC+3, UTC+4, UTC+5, UTC+6) жайгашканын айтып келишет.

Жумушчу топтун 1-декабрдагы жыйынында өлкөдө бирдиктүү UTC+5 саат алкагын киргизүү чечими кабыл алынган. Адистердин пикиринде, бул саат алкагы өлкөнүн көпчүлүк аймагына болушунча табигый убакытка жакыныраак алкакта жашоого мүмкүндүк бере турган туура жана ылайыктуу вариант болуп эсептелет.

2005-жылга чейин Казакстан жыл сайын жайкы убакытка өтүп келген.

Ноябрдын аягында Кыргызстанда да убакытты бир саатка жылдыруу сунушу айтылган.

Сүрөт: Ала-Көлдөгү күндүн батышы. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты