Казакбаев өлкө экономикасы 10% чейин төмөндөшү ыктымал экенин айтты

  • 2 года мурун

Өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германияда энергетикалык форумга катышты.

Министр иш сапарынын алкагында «Немис толкуну» (DW) маалымат каражатына Украинадагы кырдаал, Орусияга салынып жаткан санкциялардын Кыргызстанга таасири, эмгек мигранттары жөнүндө интервью берди.

Ал Орусияга киргизилген санкциялардын кесепеттери жөнүндө суроого жооп берип жатып, Кыргызстан “өзүнүн энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча олуттуу түрдө тынчсызданып жатканын” белгиледи.

“Азык-түлүк товарларынын баасында олуттуу өзгөрүү орун алды. Коңшулардан, негизинен Орусиядан импорттогон күйүүчү майлардын баасы эртең кандай болорун билбейбиз. Ушундай өтө жөнөкөй эмес учурда экономикабызды диверсификациялоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз […] Бирок биздин божомолдор экономика 5тен 10% чейин төмөндөшү мүмкүн экенин көрсөтүүдө” деди Казакбаев.

Ал санкцияларга байланыштуу Орусия экономикасынын аксашы кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн оор болушу ыктымал экенин айтып, жалпысынан “катастрофалык өзгөрүүлөрдү күтпөй турганы” кошумчалады. Ошол эле маалда Орусиядагы кыргызстандыктарын бир бөлүгү жашаган жерин өзгөртүүнү самап, башка өлкөлөрдөн жумуш орундарын карап жатканын белгиледи.

24-февралда Орусия армиясын Украинага киргизгенден кийин Кыргызстанда доллар кескин кымбаттап, азык-түлүк товарларынын баасы жогорулап кеткен. 24-мартта өкмөт каатчылыкка каршы чаралардын планын кабыл алып, аны ишке ашыруу үчүн бюджеттен 126 миллиард сом бөлүнөрүн кабарлаган.

Сүрөт: EPA-EFE/

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты