Казак ырчысы, композитор Димаш Кудайбергенге “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамы ыйгарылды   

  • 6 месяцев мурун

“Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалынын соңунда мамлекеттик катчы Марат Иманкулов казакстандык ырчы, композитор Димаш Кудайбергеновго (Кудайберген Динмухаммедге) Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достукту жана маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наамын тапшырды.

Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон.

“Мейкин Азия» популярдуу музыка аткаруучуларынын эл аралык фестивалы — бул жаш таланттарды колдоо жана өнүктүрүү максатында уюштурулган эл аралык музыкалык фестиваль. Ал Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Мындан 12 жыл мурда, «Мейкин Азия» эл аралык биринчи фестивалында Димаш Кудайберген фестивалдын гран-присин жеңип алган. Эми Димаш Кудайберген фестивалдын ардактуу мейманы катары көрүүчүлөрдүн алдында ырдады жана ага «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамы ыйгарылды.

20-22-июль күндөрү IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын эл аралык «Мейкин Азия» музыкалык фестивалы өттү.

Фестиваль маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин 2013-2015-2023-жылдары өтсө, быйыл төртүнчү ирет өтүү алдында турат. Белгилүү болгондой бул иш-чара Кыргызстанда гана өткөрүлөт.

Фестивалдын ардактуу коноктору I «Мейкин Азия» фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak жана башкалар болду.

“Мейкин Азия” — дүйнө элдеринин ортосундагы маданий көпүрө катары кызмат кылган эл аралык музыка фестивалы. Аталган фестиваль музыкалык мурастарды жана улуттук салттарды өнүктүрүү, жаңы таланттарды таанытуу, жалпы маданий баалуулуктарды жайылтуу максатында өткөрүлөт.

Сүрөттө: Димаш Кудайберген «Мейкин Азия» фестивалында. president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты