Казак мажилиси ымыркай өлтүрүү жана педофилия үчүн өмүр бою эркинен ажыратууну биринчи окууда жактырды

  • 2 месяца мурун

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы — мажилис ымыркайларды өлтүрүү жана педофилия үчүн өмүр бою эркинен ажыратууну караган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоору ден соолукка жеңил залака келтирүү үчүн кылмыш жообуна тартууну калыбына келтирди. Кылмыштын оордугуна жараша коомдук жумуштарга тартуу же 50 суткага чейин камакка алуу, айып салуу каралган.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Элнур Бейсенбаев педофилдерди кастрациялоо укугун сактап калуу маселесин көтөрдү. Ички иштер министринин орун басары Игорь Лепеха кастрация кыйноо катары сыпатталарын, Казакстан кыйноого каршы конвенцияга кошулганын белгиледи. Ал ошондой эле саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, кылмышкерди бычуу көйгөйдү чечпесин кошумчалады. Эмне дегенде педофилия биринчи кезекте адамдын мээсиндеги мандемден келип чыгат.

Өткөн аптада мажилис жашы жете электердин сексуалдык кол тийбестигине каршы кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондордун Казакстанга кирүүсүн, өлкө жарандыгын алуусун чектеген мыйзам долбоорун жактырган.

Мындан тышкары, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүккө катышкан чет элдиктерге өлкөгө кирүүгө тыюу салынат.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты