Катмандуда Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

  • 2 месяца мурун

15-майда Непалдын Катманду шаарында Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугунун ачылыш аземи болду.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Ачылыш аземге Непалдагы элчи Аскар Бешимов, өлкөнүн дипломатиялык корпусунун жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Салтанаттуу иш-чарада элчи Бешимов Кыргыз Республикасынын ардактуу консулу Рамеш Шармага, Непалдын курулуш тармагындагы эң ири компаниялардын бири болгон «Sharma and Company Pvt.Ltd.» компаниясынын жетекчиси, консулдук патентти тапшырып, кеңсенин ачылышы менен куттуктады.

Ушул эле күнү Непалдын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Нараян Кажи Шрестанын, Непалдын шаар курулуш министри Дхану Буда жана  парламенттин бир канча мүчѳлѳрү катышуусунда Катманду шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылышына байланыштуу “Дусит Принцесс” мейманкана комплексинде салтанаттуу кабыл алуу уюштурулду.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты