Катарлык врачтар Бишкекте угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация операциясын жасоодо  

  • 2 месяца мурун

Катар мамлекетинен профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жетектеген хирургдар тобу Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кохлеардык имплантация боюнча операцияларды жасоо үчүн келишкен. Бир жуманын ичинде 50гө жакын балага операция жасалат.

Бул тууралуу аталган министрликтин сайтында маалымат берилди.

Катардын өкмөтү кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, ошондой эле операциядан кийин балдарды реабилитациялоого байланышкан чыгымдарды өз мойнуна алат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун директору Шайырбек Сулайманов саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге угуусу начар балдарды диагностикалоо, операция жана андан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдуулар бар экенин билдирди.

Жалпысынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин кохлеардык имплантация коюу боюнча 200дөн ашык балага операция жасалган.

«Бул операциялар биздин кичинекей бейтаптар үчүн жаңы жашоого жасалган кадам болуп саналат, биз балдарга толук кандуу келечек жана өнүгүү мүмкүнчүлүгүн берген Катар мамлекетинин колдоосун жогору баалайбыз»  деди министр.

2023-жылы министрдин профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жана кохлеардык имплантацияны колдоо комитетинин жетекчиси Саад Омран Аль-Кувари менен жолугушуусунда кызматташуу жана үч жыл ичинде 300гө жакын операция жасоо жана Кыргызстандын ЛОР адистерин окутуу үчүн мастер-класстарды уюштуруу боюнча пландар талкууланган.

Сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты