Катар мамлекети менен бир катар документтерге кол коюу каралууда

  • 1 год мурун

Катар эмири Тамим бин Хамад Аль Тани ушул жылдын 6-7-июнунда мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келет.

Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Белгилей кетсек, бул араб мамлекетинин башчысынын Кыргыз Республикасына биринчи жолу келиши болот.

Президент Садыр Жапаров Катар эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда,- деп билдирди ал.

Буга чейин ички иштер министрлиги Катар эмири Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келээрин жана 6-7-июнда Бишкекте коомдук унаа кыймылына чектөө маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты