Кыргызстанга Катардын эмири 6-июнда расмий сапар менен келет

  • 11 месяцев мурун

6-7-июнда Катардын эмири мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет. Буга байланыштуу ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту жана тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   

Коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыздоо максатында ыкчам штаб түзүлүп жатат. 3000ге жакын милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Расмий иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздашат.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чаралар учурунда жолдун айрым тилкелеринде унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Ушуга байланыштуу жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты