Айбек Токтоболотов Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчиси болуп дайындалды
- 6 дней мурун
Айбек Токтоболотов Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Айбек Токтоболотов 2024-жылдын 3-сентябрынан бери Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеген.
Марат Нуралиев Катар мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчи кызматынан 2025-жылы 27-декабрда бошотулган.
Сүрөттө: Айбек Токтоболотов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




