Катар эмиринин сапары: Өлкө лидерлери чакан жана кеңири курамда сүйлөшөт  

Катар мамлекетинин эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль Тани бүгүн, 6-июнда, мамлекеттик сапар менен алгачкы жолу Кыргыз Республикасына 6-июнда келди. Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери 7-июнда чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Эл аралык «Манас» аэропортунда жогорку даражалуу конокту президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Аэропортто көчмөн элдин өзгөчөлүгүн көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй шекилинде инсталляция орнотулду.

Улуттук кийимчен эркектер бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту.

Катардын эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигиттер жана «Алптар» баатырлары тосуп алышты.

Садыр Жапаров жана Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.

Катардын эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун жашырган жок.

Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери 7-июнда чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт

Катар эмиринин сапары: Өлкө лидерлери чакан жана кеңири курамда сүйлөшөт  
Катар эмиринин сапары: Өлкө лидерлери чакан жана кеңири курамда сүйлөшөт  
Катар эмиринин сапары: Өлкө лидерлери чакан жана кеңири курамда сүйлөшөт  
Катар эмиринин сапары: Өлкө лидерлери чакан жана кеңири курамда сүйлөшөт  
Катар эмиринин сапары: Өлкө лидерлери чакан жана кеңири курамда сүйлөшөт  
Катар эмиринин сапары: Өлкө лидерлери чакан жана кеңири курамда сүйлөшөт  
Катар эмиринин сапары: Өлкө лидерлери чакан жана кеңири курамда сүйлөшөт  
Катар эмиринин сапары: Өлкө лидерлери чакан жана кеңири курамда сүйлөшөт  

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты