Касымалиев Астанада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту
- 2 месяца мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Астана шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.
Жолугушуунун жүрүшүндө буга чейин жетишилген саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана ишке ашыруу маселелери каралды.
Ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында электрондук кезек системасын киргизүү, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу иштери тууралуу сүйлөшүү болду.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында буга чейинки макулдашууларды ишке ашырууну жана аны бекемдөө макулдашылды.
Адылбек Касымалиев буга чейин Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугушту.
24-25-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев расмий сапар менен Астана шаарына барары маалымдалган.
Ал Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугуп, кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Мындан тышкары “Казакстан Гарыш Сапары» улуттук космос борбору, санариптик өкмөт кеңсеси сыяктуу бир катар объекттердин иши менен таанышты.
Сүрөт: gov.kg