2024-жылы Казакстан менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 340 млн доллар болгондугу айтылды  

  • 3 месяца мурун

Адылбек Касымалиев Казакстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экенин, акыркы жылдары өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы байкалганын белгиледи. Маселен, 2024-жылы өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 млрд 340 млн доллар болгон. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Астана шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Казакстан премьер-министри Олжас Бектенов менен кеңейтилген курамдагы жолугушуу учурунда билдирди.  

“Өзгөчө, эки өлкөнүн өкмөттөрү, биздин мамлекет башчыларынын 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 млрд долларга жеткирүү максатын эске алып ишке ашыруубуз керек. Ошондой эле 2024-жылдын 9 айында казакстандык компаниялар Кыргызстандын экономикасына дээрлик 49 млн доллар инвестиция салган” деди Касымалиев. 

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун айтымында, өткөн жылдын аягында өз ара сооданын көрсөткүчтөрү кайрадан өсүп, 1,7 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле учурда казак тарап соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү мындан ары да арттыруу үчүн олуттуу иштер жасалаарын белгиледи.

24-25-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Астана шаарына барары маалымдалган.

Ал Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугуп, кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Мындан тышкары “Казакстан Гарыш Сапары» улуттук космос борбору, санариптик өкмөт кеңсеси сыяктуу бир катар объекттердин иши менен таанышты.

Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты