Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет

  • 6 месяцев мурун

22-августта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Азырынча жолугушууда эмне маселелер талкууланары, кайсы документтерге кол коюлары кабарлана элек.

Казакстандын президенти Бишкекке акыркы жолу 2022-жылы 26-майда расмий сапар менен келген. Садыр Жапаров 2024-жылы апрель айында Казакстанга расмий сапар менен барган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты