Депутат Сарыбашов парламентте сел коркунучу боюнча маселе көтөрдү  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 25-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ош-Алай жолунда кечээ селден каза болгондордун арасындагы алты кишинин бири бир жаштагы наристе экенин өкүнүү менен белгиледи жана маркумдардын жакындарына көңүл айтты. Сел коркунучу боюнча тынбай эскертүү берүү керектигин жана сел коркунучу жаралган үйлөрдү көчүрүү керектигин белгиледи.

ӨКМ тынбай эскертүү берсе да, ушундай окуя болуп жатат. ӨКМ дагы эле тынбай эскертүү берип, көпчүлүк жайлоолордо, сел коркунучу бар үйлөрдү көчүрүш керек болуп жатат,-деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин атынан Ош облусунда селден каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтты.   

24-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 6 адамдын өмүрүн алган кырсык катталды.

Иллюстрациялфк сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты