“Кашкар” темир жол бекетинде көмүрдүн көлөмүн аз көрсөткөндөгү айтылды
- 10 месяцев мурун
- Видео
Текшерүү маалында «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын “Кашкар” темир жол бекетинде сакталган көмүрдүн көлөмү расмий документтерде аз көрсөтүлгөнү белгилүү болду.
Бул боюнча бекет жетекчилигине катуу эскертүү берилди жана атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жеке ишкерлер да «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Турдубековго кайрылганы айтылды. Алардын айтымында, сактоодо турган көмүр 500 тонна болсо, станциянын каттоо китебинде болгону 200 тонна деп жазылган. Мындан улам тиешелүү кызматкерлерге катуу эскертүү берилди, айрымдары кызматтан бошотулду.
Мындан тышкары, ишкерлер жүк вагондорун убагында алуу жана берүүдө кыйынчылыктар бар экенин айтышты. Бул маселени жеринен угуп, Турдубеков жүк вагондорду кезек менен берүү тартибине өтүү боюнча тапшырма берди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




