Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара фактысы менен кармалды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына түшкөн ыкчам маалыматка ылайык, каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы Р.С. кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом пара алган. Аталган факт боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин “Опузалап пара алуу” фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, ички иштер министрлигинин ыкчам  кызматкерлери тарабынан атайын иш-чара өткөрүлгөн.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин тергөө кызматы жана кылмыш иликтөө  башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан  24-сентябрда каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 1966-жылы туулган Р.С.кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
26-сентябрда Р.С.га айыбы угузулган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, каржы министрлигинин ички аудит кызматынын ар кандай кызмат орундарына жумушка алуу үчүн акча алып жүргөндүгү аныкталган.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-сентябрда Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камакка  алынды.
Ири өлчөмдөгү пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин  ИИМдин тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Каржы министрлигинин ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара фактысы менен кармалды
Башкы иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Кармалган жаран: ИИМ басма сөз кызматы.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты