“Карылар үйүнө балдарды да кошуп коюшкан”. Акыйкатчы балдардын укуктарын камсыздоого чакырды  

  • 1 месяц мурун

Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Буга чейин соцтармактарда Ош шаарындагы “Лотос” балдар үйүнүн тарбиялануучусу сабалды делген видео тараган. Анда “Боорукердик” карылар үйүнүн кызматкерлери балдарга күч колдонуп, жашоочулар тарабынан ыдык көрсөткөнүн айтышкан. Акыйкатчы институтунун Ош облусундагы өкүлчүлүгү видеодо айтылган маалыматты текшерүү үчүн, “Боорукердик” жана “Лотос” уюмдарына барып, андагы акыбалга мониторинг жүргүздү.

Маалыматта айтылгандай, балдар үйүнүн чатырын 2024-жылдын июнь айында катуу шамал учуруп кеткендиктен, убактылуу жабылып калган. Ага байланыштуу балдар Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы фостердик үй-бүлөгө көчүрүлгөн. Ал жакта кышкы мезгилге шарт жок болбогондуктан “Лотос” балдар үйүнүн 9 тарбиялануучусун 2024-жылдын ноябрь айында “Боорукердик” карылар үйүнө убактылуу алып келип, кошуп коюшкан.

28-мартта өзүнчө имарат берилип, “Лотостун” тарбиялануучулары карылар үйүнөн бөлүнүп чыккан.

Кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген карыя “Боорукердик” үйүндө өткөн жылдын 22-августунан бери жашайт. Үй-бүлөсү жана жашаган жери жок. Ал буга чейин соттолгон.

“Боорукердик” мекемесинин короосундагы имаратта дагы бир балдар үйү жайгашкан. Анда 30га жакын жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланат. Акыйкатчы институту 2024-жылдын сентябрь-октябрь айларында өлкөдөгү балдар үйлөрүнө мониторинг жүргүзүп, “Боорукердик” социалдык мекемесинде балдар менен чоң кишилердин жайгаштырылышына жол берилбеши керектигин тиешелүү мамлекеттик органдарга билдиргендигин белгиледи.

Азыркы учурда “Лотостун” тарбиялануучуларына байланыштуу маалымат текшерилип, айрым фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен окуяга тиешеси барларга укуктук баа берилет. Акыйкатчы институнун кызматкерлери жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын курамына кирген.

Сүрөт: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты