Коомдук транспортто жаш кызга ыдык көрсөткөн киши кармалды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына (ИИБ)  Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, белгисиз жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.

Арызда 28-июнь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында анын 2010-жылы туулган кызы А.М. коомдук транспортто арткы орундукта отурган учурда, жанында отурган киши колу менен анын санына тийип, мыйзамсыз аракеттерди жасаган.

Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов ИИБинин маалыматтык электрондук журналына катталып, сотко чейинки текшерүү иштери башталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө 1991-жылы туулган жаран Б.А. аныкталып кармалды.

Сүрөт: Бишкек ИИББ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты