Карим Масимов терроризмди жана экстремизмди каржылоого тиешеси бар адамдар тизмесине киргизилди

  • 10 месяцев мурун

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин 18 жылга соттолгон мурдагы башчысы Карим Масимов терроризмди жана экстремизмди каржылоого тиешеси бар адамдардын тизмесине киргизилди. Бул тууралуу informburo.kz басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, бул тизмеге Масимовдон тышкары анын 16 жылга эркинен ажыратылган мурунку орун басарлары Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожиндин аты-жөнү да кошулду.

«Аткаминерлерди бул тизмеге кошууга аларды экстремисттик жана террористтик кылмыштарга күнөөлүү деп тапкан сот өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши негиз болду», – деп жазды басылма.

Карим Масимов быйыл 24-апрелде 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал Январь окуяларына байланыштуу «Мамлекетке чыккынчылык кылуу», «Бийликти күч менен кулатууга аракет кылуу» жана «Кызматтык ыйгарым укуктарын ашкере пайдалануу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Мындан тышкары ошол эле күнү Масимовдун орун басарлары Ануар Садыкулов — 16 жылга, Даулет Ергожин — 15 жылга жана Марат Осипов — үч жылга соттолгон.

Карим Масимов менен анын орун басарлары 2022-жылы Казакстандагы кандуу Январь окуясы учурунда кызматтан алынып, 6-январда камалган.

57 жаштагы Карим Масимов Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары белгилүү. Ал атайын кызматты 2016-жылдан тарта жетектеген. Ага чейин 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары казак өкмөтүн башкарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты