Карим Ханжеза ЖК төрагасынын орун басары кызматынан өз каалоосу менен бошотулду
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында төраганын орун басары Карим Ханжеза өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырып жатканын билдирди.
Эл өкүлү депутаттарга көрсөтүлгөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындай чечим жеке жагдайларга байланыштуу кабыл алынганын белгиледи.
Буга чейин Нурланбек Тургунбек уулу төрагалыктан кетип, депутаттык ыйгарым укуктарын да тапшырды. Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.
Сүрөттө: Карим Ханжеза. kenesh.kg
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




