Кардиология борборунун директору Сооронбаев жана жүрөк хирургиясы институт директору Шабыралиев кызматтан бошотулду

  • 4 недели мурун

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун (УКТБ) директору Талантбек Сооронбаев жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директору Самидин Шабыралиев кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.  

12-январда Саламаттык сактоо министрлигинде министр Каныбек Досмамбетовдун төрагалыгы алдында Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтуна жүргүзүлгөн көчмө текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча кеңешмеде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү уюштурууда бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.

Анын ичинде ангиографиялык жабдуулардын токтоп турушу, коронароангиографияны жүргүзүүдөгү кечигүүлөр, реанимация бөлүмдөрүндө эхокардиографиянын 24/7 режиминде жеткиликсиз болушу белгиленди. Ошондой эле тармактар аралык консилиумдардын жоктугу курч коронардык синдром менен ооругандардын дарылоо жыйынтыгына терс таасирин тийгизип жатканы айтылды.

Мында техникалык мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан, баштапкы тери аркылуу коронардык кийлигишүү толук колдонулган эмес.

Ушуга байланыштуу министр кардиология борборунун тромболизис үчүн дары-дармектерди 28 млн сомго сатып алуу боюнча өтүнмөсүнүн максатка ылайыктуулугуна күмөн саноо билдирди.

Министр ошондой эле дары-дармектерди жана медициналык жабдууларды сатып алууда коррупциялык көрүнүштөргө Талантбек Сооронбаевдин жеке жоопкерчилигине көңүл бурду. Анын акыркы эки жылда 45 жолу (дээрлик айына эки жолу) чет өлкөгө чыккандыгы, ошондой эле болжол менен 2 млн АКШ долларына бааланган мүлк боюнча суроолор берилди.

Ал эми илимий изилдөө институтунда  медициналык жабдууларды жана сарпталуучу материалдарды сактоо жана колдонууда мыйзам бузуулар аныкталды. Буга чейин өрт чыккан негизги имараттагы кардиохирургиялык жабдуулар тиешелүү шартта сакталбай, курулуш чаңына көмүлгөн абалда турганы белгиленип, техниканын ишке жарактуулугу жана анын сакталышына ким жооп берери боюнча суроолор жаралды.

«Жабдуулар иштебей туруп калса, процесстер уюштурулбаса, ал эми өлүм көрсөткүчү өсүп жатса — бул техника маселеси эмес, ишке болгон мамиле. Бул сиздердин абийириңиздерде» деди министр.

Кеңешменин жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузууларга жана байланыштуу эки мекеменин тең жетекчилери өз ыктыяры менен кызматтан кетүү арызын тапшырышты.

Иллюстрациялык сүрөт: nccim.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты