Караоке клубунун атына жамынып, интимдик кызмат көрсөтүүнү уюштуруучу кармалды

Борбор шаардын аймагында караоке клубунун кейпин кийип, чет өлкөлүк жарандар үчүн интимдик мүнөздөгү эскорт кызматтарын уюштурган жашыруун жай аныкталды.

2025-жылдын 5-сентябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган жайда жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында жашыруун түрдө интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 36 кыз, ошондой эле бул жайдын кызматынан пайдаланган 19 чет элдик жаран аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) 1-бөлүгүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган жайдын уюштуруучусу КР жараны К.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Коомго жат иштер менен алектенген кыздардын жеке маалыматтары такталып, ыкчам каттоого алынды. Ошондой эле учурда аларга укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты