Караколдогу зоопарк алдына арстандын эки баласын калтырып кетишкен

  • 12 месяцев мурун

Караколдогу зоопарктын алдына бейтааныш кишилер арстандын эки баласын калтырып, дарбаза алдына байлап кетишкен.

Бул тууралуу “Бугу эне” коомдук фонду Фейсбуктагы баракчасында билдирди.  

Алардын айтымында, жаныбарларды кичине кезинде бир жактан алып келишип же белекке алышып, андан кийин аны кароого чамасы жетпей калышкандай.

“Арстандын балдарынын туура эмес багылып жана тамактандырылганынан, көйгөйү көп болуп чыкты. Күнгө да алып чыгышкан эмес. Тамакты сиңире албай калышкан. Аларга тамакты чогуу беришкендей, бири — Томас, тамакты көп жеп, экинчиси- Аля гиперпаратиреоз болуп, бездери катуу иштеп кетип, организминде кальцийдин жетишсиздиги пайда болгон. Анысы баса албай, эмгектеп калган. Сөөк-саагы кандай ооруп жатканын айтпай эле коелу. Кокус кыймылдап алса,  бир жери сынмак” деп жазышты.     

Сүрөт: «Бугу эне» коомдук фонду.        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты