Каракол: Жаңы автобустар, атайын техника алынды
- 2 месяца мурун
Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Каракол шаарынын жол, курулуш жана коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө арналган атайын техникалар менен таанышты.
Президентке шаар ичиндеги жана эл аралык каттамдарды тейлөө үчүн алынган жаңы жүргүнчүлүк автобустар да көрсөтүлдү.
Учурда Каракол шаарында Каракол – Бишкек жана Каракол – Алматы багыттары боюнча каттаган 10 автобус пайдаланылууда.
Мындан ары Кыргызстандын облустук борборлоруна, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарларына туруктуу каттамдарды ачуу пландалып жатат.
Мындан тышкары, шаар ичиндеги каттамдарды тейлөө үчүн 18 автобус сатылып алынган. Жакынкы убакта дагы эки электробустун келиши күтүлүүдө. Бул автотехникалардын бардыгы республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатылып алынган.
Жыл соңуна чейин демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен дагы 75 автобус сатып алуу пландалууда. Натыйжада автобустар паркы Каракол шаарынын 60 автобуска болгон муктаждыгын толук камсыздап, ошондой эле шаар четиндеги конуштар жана жакынкы айылдар менен транспорттук байланышты уюштурууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул максатта дагы 45 автобусту каттамга киргизүү пландалып жатат.
Белгиленгендей, бардык автобустар заманбап талаптарга жооп берип, видеокөзөмөл системалары, GPS-трекерлер жана кондиционерлер менен жабдылган.

Сүрөттөр: president.kg




