Караколдогу жылуулук менен камсыздоо ишкана директору пара менен кармалды

  • 1 год мурун

«Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору О.А.Ж. пара менен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Ишкана директору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине текшерүүнү токтотуу жана аныкталган финансылык мыйзам бузууларды акчалай сыйлоо үчүн аудитордук актыда чагылдырбоо сунушун айткан.

Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда («ири өлчөмдө пара берүү») каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 25-ноябрында УКМКнын тергөө-ыкчам тобу Каракол шаарында 5000 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан учурда «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору А. О.А.Ж. ны кармаган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты