Караколдогу ооруканадан беш врач кызматтан кетти

  • 2 месяца мурун

Караколдогу облустук ооруканадан 4-мартта беш реаниматолог-анестезиолог бир учурда кызматтан кетти. Алар айлык акынын аз болушунан улам, жумуштан кетүүгө аргасыз болушкан.

Бул тууралуу Бермет Барктабасова билдирген.

Облустук бириккен оорукананын директору Чыңгыз Урманбетов врачтардын кызматтан кетишин «Азаттыкка» мындай комментарийледи:

«Кызматкерлерибиз өз каалоолору менен жумуштан кетти. Булардын кетишинин себеби — айлык акынын аздыгы. Булардын арызы мага 2-февралда эле келип түшкөн. Арызда иштин түйшүгү көп, эмгек акы аз деп жазышкан. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сүйлөштүк. Бирок алар мыйзамда каралбаган сунуштарды айтышты, мен жетекчи катары ал сунуштарын аткара албагандыктан, 4-мартта кайра чогулуш кылып, дагы сүйлөштүк. Алар макул болушкан жок, арыздарына кол коюп бердим».

Урмамбетов учурда ооруканада дарыгерлер жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты