Караколдогу үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара менен кармалды

  • 2 года мурун

13-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети ( УКМК) тарабынан Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалган жетекчи акчаны орто медициналык кызматкерлерден чогулткан Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алган.

Тиешелүү тергөө иш-чаралар жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты