Караколдо турак үйдөн өрт чыкты
- 1 неделя мурун
Караколдо турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 9-январь күнү саат 13:56да Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кутманалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринин чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Каракол шаардык №15 Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрттүн жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында кошумча дагы саат 14:05те 2-күжүрмөн эсеп тартылды.
Куткаруучулардын ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында саат 14:56да өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби жана аянты такталууда, жабыркагандар жок.
Муну бөлүшүү