Караколдо гемодиализ борбору ишке кирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-декабрда, Каракол шаарында орун алган жаңы гемодиализ борбору менен таанышты.

Жеке компаниялардын бири тарабынан салынган гемодиализ борбору 70ке чейин адамды тейлей алат.

Президент Садыр Жапаров оорукананын жамааты менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү сурады.

Садыр Жапаров ошондой эле келерки жылы Ысык-Көл облусунда курулушу карала турган жаңы аймактык оорукананын долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгууну тапшырды.

Президент Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын муктаждыктары үчүн тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. Алар гемодиализ борборунун бейтаптарын дагы тейлейт. Жалпысынан мамлекет башчы саламаттыкты сактоо тармагына аймактык ооруканалар үчүн сегиз тез жардам унаасын белекке берди.

Бул борборду куруу жана жабдуу менен жеке компаниялардын бири алектенген. Учурда бул ишкананын гемодиализ борборлорунда 31 диализатор бар, анын бешөө Балыкчы, алтоо Чолпон-Ата шаарында жайгашкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты