Караколдо аялдын өлүмү иликтенүүдө

  • 7 месяцев мурун

Каракол шаарында 18-сентябрда 31 жаштагы асынып алган абалда табылган аялдын өлүмү иликтенип жатат.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

«18-сентябрда облустук ооруканадан милицияга кабар келип түшкөн. Анда Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен асынган абалдагы келиндин сөөгү табылганы кабарланган. Факты электрондук журналга катталып, келиндин денесине сырттан карап чыкканда, күч колдонуу фактылары аныкталган эмес. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды» деп билдирди ИИБ.

Асынып алды деген аял 31 жашта болгон, төрт кызы бар. Өз өмүрүнө кол салуунун жагдайлары иликтенип жатат.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты