Каракол жана Түптө «Хизбут-Тахрир» мүчөлөрүнөн “Саид Бурятский” тобунун видеокайрылуулары табылды  

  • 4 месяца мурун

22-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлдү.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган диний-экстремисттик уюмдун “Каракол жана Түп” ячейкасынын активдүү мүчөлөрү Х.Р.К., Т.М.С., Ж.М.Б., С.К.М., К.М.Б жана А.У.Б. аттуу КР жарандарынын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлгөндө ар кандай брошюралар, диний мүнөздөгү блокноттор, ошондой эле уюлдук телефондор табылган, алар аркылуу “Хизбут-Тахрирдин” экстремисттик материалдарын таратуу фактылары жана Россиянын ФСБсы тарабынан жок кылынган “Саид Бурятскийдин” террористтик мүнөздөгү видеочакыруулары табылды.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты