“Каракол» тоо лыжа базасынын асма жолунун 1 мамысы кулап, жарандар түшө албай калган
- 3 месяца мурун
“Каракол» тоо лыжа базасынын асма жолунун мамысы кулап, жарандар түшө албай калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматынан билдиришти.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда саат 12:20 чамасында Каракол капчыгайында жайгашкан «Каракол» тоо лыжа базасынын асма жолунун 1 мамысы кулап, жарандар түшө албай калган.
Лыжа базанын техникалык тейлөө бригадасы тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, адамдарды аман-эсен түшүрүп алышкан.
Буга кошумча жеринде коопсуздук эрежелерин көзөмөлдөп, эс алуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Каракол шаардык №15 ӨКБдан ыкчам топ жөнөтүлдү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү