Каракол шаарынын мурдагы мэри кармалды

  • 1 месяц мурун

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Каракол шаардык мэриясынын жетекчилиги жана башка адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, муниципалдык жер тилкесин арзандатылган баада саткан фактылар аныкталган.

“Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Э.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, жасалма аукцион уюштуруу жолу менен Каракол шаарынын Кашка-Суу кичи районундагы жер тилкесин  А.Н.К. аттуу КР жаранына жеке менчикке берип, кийинчерээк ал кымбат жер участогуна алмаштырылган. Мында Каракол шаарынын мэриясынын кызмат адамдарынын иш- аракеттери тооруктарды өткөрүү жана башка жер участогуна алмаштыруу иштери, мэрдин кызмат ордун ээлеген А.Ф.А.  тарабынан жүргүзүлгөн” деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча А.Ф.А. Каракол шаарынын №23 тергөө абагына камакка алынды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты